Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Суваналиев Өмүрбек Исаковичти өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо тууралуу жарлыкка премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.