Сузакта 15 жашар карындашын зордуктаган жигит 20 жылга кесилди

Сузакта 15 жашар карындашын зордуктаган жигит 20 жылга кесилди

Сузакта 15 жашар карындашын зордуктаган жигит 20 жылга кесилди. Бул тууралуу “Репортерго” Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Өкүмдү Сузак райондук соту 17-ноябрда чыгарган.  Ага ылайык, 20 жаштагы Н.уулу А. аттуу Сузак районунун тургуну “Зордуктоо” беренеси менен күнөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Өкүмгө ылайык, соттолуучунун жаза өтөө мөөнөтү 2020-жылдын 17-июлунан баштап эсептелет.

Айыпталуучу тараптан бүгүнкү күнгө чейин өкүмгө карата апелляциялык даттануу түшкөн эмес.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда Сузак районунда 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан көз жарганы айтылган.

Кыз менен 20 жаштагы агасы былтыр күз мезгилинде мас абалда жыныстык катнашта болуп, эртеси кечирим сураган.

Өспүрүм кыз кош бойлуу болгонун билген эмес. Аны бир туугандары сокур ичеги болгон деген ой менен ооруканага жеткиргенде гана билишкен.

Бир туугандардын апасы Орусияда миграцияда экени кабарланган.   

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>