Түкмөн президенти каза болду деген маалымат жалган болуп чыкты

Түкмөн президенти каза болду деген маалымат жалган болуп чыкты

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болду деген  маалыматты аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Шадуры Мередов четке какты.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов каза болду деген маалыматты биринчи орусиялык басылмалар тараткан.

Анда Бердымухамедовдун бөйрөк оорусунан улам 20-июлда каза болгондугу айтылган. Бул маалыматты Түкмөнстандын башка өлкөдөгү элчиликтери да четке кагышууда.

Түркмөн басылмалары да президенттин каза болбогондугун, ал бир нече күндөн бери  Германиядагы ооруканалардын биринде оор абалда жаткан апасы Огулабат Бердымухамедованын жанында экенин жазышууда.

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келет.

Поделиться в социальных сетях:

covid 19

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>