Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн 2-ноябрда вице-премьер-министр Максат Мамытканов Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн борбордук аппаратынын жамаатына ыйгарым укуктуу өкүл Элчибек Жантаевди тааныштырган.
Вице-премьер-министр Элчибек Жантаев өкүлчүлүктүн ишин жакшыртууга колдон келген күч-аракетин жумшарына ишенимин билдирген.
Элчибек Жантаев 46 жашта. Ал Ак-Суу районун Ак-Чий айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча экономист.
Жумуш жолун Ак-Чий айыл өкмөтүндө баштаган. Анда 2002-жылдан 2012-жылга чейин айыл өкмөттө экономист кызматынан баштап, айыл аймактын жетекчилигине чейин жеткен.
2014-жылы Ак-Суу районунун акимине орун басар болуп дайындалган. 2018-жылы Түп районуна жетекчи болуп барган. Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунан тарта Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп жаткан.