Түркияда сот өзбекстандык жаранды өмүр бою эркинен ажыратты

Түркияда сот өзбекстандык жаранды өмүр бою эркинен ажыратты

Түркияда сот 2017-жылдын 1-январында Стамбулдагы «Рейна» түнкү клубуна кол салуу боюнча күнөөлүү деп табылган Абдулкадыр Машариповду өмүр бою эркинен ажыратты.

Анда 39 киши өлгөн, 70ке чукулу жарадар болгон.

Бул окуя үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алган. Топ бул чабуулду түрк аскерлеринин Сирия жаңжалына катышканы үчүн өч алуу деп атаган.

Буга чейин Стамбул губернатору айыпталуучу Ооганстанда радикал жихадчылардын лагеринде даярдыктан өткөнүн жана Түркияга теракт болордон бир жыл мурун келгенин маалымдаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>