Кыргызстандык мушкерлер Таиланддагы турнирде 4 медаль утушту

Кыргызстандык мушкерлер Таиланддагы турнирде 4 медаль утушту

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиландда өткөн эл аралык турнирде өз оюнун жыйынтыктады.

Ушул тапта Бангкокто бокс боюнча Thailand Open эл аралык турнири өтүүдө. Кыргызстандын курама командасынын атынан башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги астында 6 спортчу катышты.

Ислам Төрөбаев, Ихтияр Нишонов, Өмүрбек Бекжигит уулу жана Эркин Адылбек уулу жарым финалга чыгып, турнирдин коло байге ээси болушту.

Алгачкы кармашта Мунарбек Сейитбек уулу менен Мирзохид Имамназаров утулуп, медалдар үчүн күрөштөн четтеп калышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>