Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-апрелде Ленин РИИБдин башчысына Ленин РИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысынан маалымат түшкөн. Анда зордуктоо фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жаран сүйлөшүүнүн жүрүшүндө пара сунуштаган.
Кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган жаран 40 миң сом пара берип жаткан учурда кармалган. Ошондой эле ал кызматкерге 1 тай берип жиберүүнү сунуштаган.
Учурда шектүү кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.