Тайланддагы Самуй аралында дайынсыз жоголгон украиналык журналист Ольга Фролованын жансыз денеси токойдон табылды. Бул тууралуу РИА новости Pattaya Now порталына таянып жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, 7-июнда аралдагы отельдердин биринде иштеген кызматкер токойдон белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу полицияга кабар берген.
Ал чытырман токойдо бара жатып жагымсыз жытты сезип, андан соң пальманын жалбырагынын астынан адамдын бутун көргөнүн айтып берген.
Полиция кызматкерлери сөөккө кароо жүргүзүп, ал 25-майда дайынсыз жоголгон 32 жаштагы украиналык журналист Ольга Фролова экенин тастыкташкан.
Ольганын күйөөсү Дмитрий Фролов аялынын сөөгүн тааныган жана анын сумкасында Iphone смартфону жана ноутбугу жоголгонун айткан.
Учурда журналисттин өлүмүнүн себеби аныктала элек.
Британиялык The Sun басылмасы бул ишке 47 жаштагы британиянын жараны Филип Армстронг суракка алганын жазып чыккан. Ал Ольга Фролова менен мамиледе болгонун тастыктап, бирок окуяга эч кандай тиешеси жок экендигин билдирген.
Daily Mail сайты журналист жоголоор күнү Армстронг менен урушуп кеткенин жазып чыкты.