Таксистке бычак менен кол салган шектүү кармалды

Чүй облусунда 11-июлга караган түнү таксинин айдоочусуна бычак менен кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, шектүү катары кармалаган жаран — жашы жете элек бала. Учурда ал милицияда сурак берүүдө. Кийинчерээк толугураак маалымат берилет. Эскерте кетсек, 11-июлга караган түнү Новопавловка айылына жүргүнчү таксинин айдоочусуна бычак менен кол салып, жарадар кылган. … Читать далее Таксистке бычак менен кол салган шектүү кармалды