Таксистке бычак менен кол салган шектүү кармалды

Таксистке бычак менен кол салган шектүү кармалды

Чүй облусунда 11-июлга караган түнү таксинин айдоочусуна бычак менен кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү катары кармалаган жаран — жашы жете элек бала. Учурда ал милицияда сурак берүүдө. Кийинчерээк толугураак маалымат берилет.

Эскерте кетсек, 11-июлга караган түнү Новопавловка айылына жүргүнчү таксинин айдоочусуна бычак менен кол салып, жарадар кылган. Белгилүү болгондой, жүргүнчү таксиге буйрутма берип, Бишкектен Новопавловка айылына айдатып барган. Такси жеткиргенден кийин ал жол кирени мобилдик тиркеме аркылуу төлөгөн. Бир учурда эч себепсиз айдоочуга бычак шилтеп, бир нече жолу уруп жиберген.

Жүргүнчү унаанын ачкычын алууга аракет кылган. Бирок жарадар болгон таксинин айдоочусу ачкычты алып, качып кеткен. Ачкыч жок болуп калгандан кийин кылмышкер изин жашырып кеткен.

Чүйдө жүргүнчү таксистке бычак сайып, качып кеткен

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>