Талант Мамытов: Мигранттардын укугун коргогон Кеңеш түзүлдү

Талант Мамытов: Мигранттардын укугун коргогон Кеңеш түзүлдү

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Төрага Москвада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө эмгек мигранттарына түзүлгөн шарттарды жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн чараларга өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда миграциялык өз ара байланыш, өлкөлөр ортосундагы аба жана темир жол каттамдарынын толук калыбына келтирүү, Кыргызстандык эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү маселелери тууралуу сөз болду.

Андан сырткары Талант Мамытов Жогорку Кеӊештин төрагасынын алдында миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча Кеӊеш түзүлгөнүн маалымдады.

Төраганын айтымында, аталган Кеңеш чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештер менен байланышты арттыруу, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууну камсыз кылуу, миграция жана диаспоралар жаатындагы Кыргызстандын мыйзамынын алдында иш алып барат.  

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>