Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 10-январда кезексиз президенттик шайлоого жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берди.
Талант Мамытов Бишкектеги «Белек» маданий-көңүл ачуу борборунун имаратында жайгашкан No1053 шайлоо участогуна барды.