Талантбек Батыралиевдин Билим берүү жана илим министрлигинин медициналык билим берүү жаатындагы маселелерин жөнгө салары тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин министр Билим берүү жана илим министрлигинин структурасына биринчи жолу медициналык билим берүү маселелерин координациялаган медициналык кызматкер келери маалымдалган.
Талантбек Батыралиев 2014-2018-жылдары Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрилигин жетектеген.