Талас токой чарбасынын директору теректер мыйзамдуу кыйылганын айтып, айыптоолорду четке какты

Талас токой чарбасынын директору теректер мыйзамдуу кыйылганын айтып, айыптоолорду четке какты

Талас районунун Көк-Ой айылындагы Жолдош Абдрахманов атындагы токой чарбасында теректер мыйзамдуу кыйылган. Бул тууралуу “Репортерго” Талас токой чарбасынын директору Эргеш Жаналиев билдирди.

Ал буга чейин маалымат тараткан айылдык кеңештин депутаты Анаркул Жуманбековдун айткандарын төгүндөп, теректердин  кыйылышынын мыйзамдуу экенин тастыктаган документтер менен бөлүштү.

 “Жыл сайын биздин токой чарбада пландык кыюу болот. Бул иштер санитардык кыюу жана токойдун өсүшүнө өбөлгө түзүү  деп эсептелет. Былтыркы жылы биз 33 гектар аянттагы токойдо мындай иштерди жүргүзгөнбүз. Жалпысынан өткөн жылы кыйылган 524 куптун 107 кубу ишке жарамдуу, 341 куп отундук, 75 кубу калдык болгон.

Ал эми Көк-Ой айылындагы Жолдош Абдрахманов атындагы токой чарбасынын 2,8 гектар жердин 43 квартал, 17-бөлүмчөсүндөндө токойдун өсүшүнө өбөлгө түзүү боюнча иштер жүргөн. Жалпысынан ал жерде 33 түп терек кыйылган. Жалпы 48 куп кыйылса анын 35 кубу отун, 16 кубу жыгач калдыгына чыгрылган. Бул жерде эч кандай мыйзамсыз кыюу болгон эмес. Бизде бардык документтер бар”, — деди Эргеш Жаналиев.

[su_image_carousel source=»media: 26163,26162,26161,26158,26157,26160,26159″ crop=»none» autoplay=»4″]

“Репортер” басылмасы Анаркул Жуманбековдун айыптоосуна гана таянып, экинчи тараптан өз убагында маалыматты тактабай чыгаргандыгы үчүн Талас токой чарбасынын директору Эргеш Жаналиевден кечирим сурайт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>