Таласта 9 күн мурун сууга аккан 2 жашар наристе дагы деле табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында Талас дарыясына 2019-жылы туулган А.Р. аттуу бала чөгүп кеткен.
Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары, ИИМ кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тартылган.
Бирок 9 күндүк издөө иштери натыйжа бербей наристе табылган эмес.
Учурда дагы издөө иштери уланууда.