Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы Талас облусунан баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенген адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
[su_quote]Шектүүнүн үйүн тинтүүгө алганда 49 килограмм 600 грамм салмагындагы марихуана баңгизаты табылды. Андан кийинки жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө талаада индия марихуанасын эгип, өстүрүп жүргөндүгү аныкталган. Жалпысынан ал жактан 2 тонна 5 килограмм каннабис алынды.[/su_quote]
Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси баш башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.