Таласта медициналык жана коргонуу муктаждыктары үчүн төө буурчактан протеин өндүрүү технологиясы иштелип чыкты

26.01.2026 | 09:28

Ишкер Русланбек Кенжалиев алты жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын — төө буурчактан жасалган экологиялык жактан таза протеин продуктусун сунуштады. Иштеп чыгуу организмге сиңимдүүлүгү жогору жана ток кармоо көрсөткүчү боюнча эттин салттуу түрлөрүнөн ашып түшкөн аш болумдуу азык катары бааланууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурдагы этапта өндүрүш кол менен ишке ашырылып, айына 1,5 тонна продукцияны түзүүдө. Иштеп чыгуучунун маалыматы боюнча, азыкка болгон суроо-талап азыркы өндүрүштүк кубаттуулуктан кыйла ашып түшүүдө. Протеин кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүгө жана организмди жалпы чыңдоого өбөлгө түзгөндүктөн, спортчулардын жана кант диабети менен жабыркагандардын рационуна кошууга сунушталат. Инновациялык азыкка Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги дагы кызыгуусун билдирди; учурда төө буурчак протеинин аскер кызматчыларынын тамактануу системасына кошуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Долбоорду кеңейтүү үчүн HACCP коопсуздугунун эл аралык стандарттарына жооп берген заманбап өндүрүштүк цех куруу пландалууда. Өнөр жай линиясын ишке киргизүү чыгаруу көлөмүн айына 20 тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Scroll to Top