Талас облусунун милициясы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалганын билдирди.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголгон.
«Козголгон кылмыш ишинин алкагында 9-июнда Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты Б.К.С. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иши жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Кенжебек Бокоев 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына, ал эми 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясынан парламенттин алтынчы чакырылышында депутат болгон.