Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Тамчыда чек арачыларга кызматтык үйлөр тапшырылды
18.07.2025 | 16:44
Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн атайын курулган эки көп кабаттуу турак жайдын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
51 аскер кызматкери жаңы, заманбап жана ыңгайлуу батирлерге ээ болушту. Жаңы турак жайлардын короосунда балдар аянтчасы, волейбол талаасы жана жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган.
Салтанаттуу иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, батирлердин ачкычтарын өзү тапшырды.
«Мамлекеттик чек араны кайтаргандар үчүн татыктуу шарт түзүү — мамлекеттин артыкчылыгы. 1-июлдан тарта офицерлердин айлыгы 20 миң сомго жогорулады. Октябрда башка аскер кызматкерлердин да маянасы көтөрүлөт», — деди Ташиев.
Рубрики: Коом