Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылды
05.12.2025 | 21:00

Улуттук тарых музейинде Баткен облусунун социалдык-экономикалык жана миграциялык турмушуна арналган фотограф Даниль Усмановдун «Шамал өрөөнү» аттуу көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маалымат министрлиги билдирди.
Иш-чарага музей директору Жылдыз Бакашова, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай, Германиянын элчиси Моника Ленхард, Гете институтунун жетекчилиги, долбоордун катышуучулары жана коомчулук катышкан.
Көргөзмө француз-немис маданият институтунун долбоору жана Тарых музейинин колдоосу менен уюштурулган.
Көргөзмө 28-декабрга чейин уланат. Музей көрүүчүлөрдү Баткен элинин турмушу, ички жана тышкы миграция темалары менен таанышууга чакырат.
Мындан сырткары, долбоор келерки жылы Парижде жана Берлинде көрсөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият