Ташиев: Бандиттерди тынчтандырсак, эми спортчулар кылмыш кыла баштады

Ташиев: Бандиттерди тынчтандырсак, эми спортчулар кылмыш кыла баштады

Кыргызстанда мындан нары кылмыштуу топтор коомдук иштерге кийлигише албайт. Мындай пикирин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтуусуна караганда алар азыр криминалдык топтор менен активдүү күрөш жүргүзүүдө.

 “Биз майда бандиттер эмес, алардын лидерлери, жетекчилери менен иш алып баруудабыз. Мындан нары бир да бандит, бир да бандиттик топтун жетекчиси бизде коомдук иштерге кийлигише албайт. Бир дагы бандиттик топтун жетекчиси ал жада калса, мыйзамдагы ууру болсо да өлкөдө калбайт. Келечекте бир да бандит бизде тынч басып жүрө албайт. Алар бизди айтып-айтып калып калат экен деп ойлобосун, мен тынчтанбайм. Коомчулук бандиттик топтордон арылуусу керек, өз эмгеги менен жан баккандар тынч жашашы керек. Азыр бизде бандиттер хан сарайларды салышкан, аябай жакшы жашашат. Бирок мындан ары мындай болбойт. Алардын жакшы жашоосуна жол бербейбиз, баардык кримтөбөлдөрдү текшеребиз, бүт өлкө боюнча”, — деди Ташиев.

Мындан сырткары УКМКнын төрагасы спортчулар азыр кылмыш чөйрөсүнө активдүү аралаша баштаганын айтып, аларды бул жолдон алыс болууга чакырды. 

“Дагы айта кете турган сөз бар. Биз бандиттерди тынчтандырсак, эми спортчулар кылмыш менен алектене баштады. Мен спортчуларга кайрылат элем, силер өлкөнүн желегин желбиретишиңер керек, кылмыштуулук менен алектенбей”, — деди Ташиев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>