Ташиев: Гавасай тилкесинде 19 миң 200 гектар жерди кайтарууга мүмкүнчүлүк бар — видео

Ташиев: Гавасай тилкесинде 19 миң 200 гектар жерди кайтарууга мүмкүнчүлүк бар — видео

Гавасай тилкесиндеги Кыргызстандын 19 миң 200 гектар жерин кайтарууга мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу 26-апрелде Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылында чогулган эл менен жолугушуу учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиевдин айтымында, архивдеги документтер толугу менен каралып, анын жыйынтыгында коңшу өлкө менен жаңы сүйлөшүүлөр жүрөт.

«Мен сиздерге болгонун ачык айтып жатам, бул документтер биздин колдо да бар, өзбек туугандардын колунда дагы бар. Бирок биз бул жерди сактап кала турган бир нерсе бар. Эми ушул кабыл алынган чечимдерди биздин жогорку совет бышыктап берген эмес экен.

Ошондуктан биздин дагы жогорку совет, өзбектердин да жогорку совети, союздун да жогорку совети документти бышыктаган эмес экен. Мына ушуну менен биз 19 миң 200 гектар жерибизди кайтарып алышыбыз керек деп айтып жатабыз. Ошондуктан биздин булар менен талашып тартышканга мүмкүнчүлүк бар. Ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайм», — деген Ташиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>