Бүгүн, 10-июлда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бокс боюнча Дүйнө кубогунун коло байге ээси Нурадин Рустамбек уулун кабыл алды.
Ташиев спортчуну жеңиши менен куттуктап, ага автоунаа белек кылды. Ал Рустамбек уулуна дүйнөлүк деңгээлдеги боксчу болушун каалап, мамлекет ар дайым спортчуларды колдой турганын белгиледи.
Рустамбек уулу 75 кг салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалда англиялык спортчуну жеңип, жарым финалда болгарыялык спортчуга упай айырмасы менен утулуп калган.