Ташиев кыргыз-тажик чек арасы тууралуу: Бир нече принципиалдуу чечимге келдик (видео)

Ташиев кыргыз-тажик чек арасы тууралуу: Бир нече принципиалдуу чечимге келдик (видео)

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселеси боюнча бир нече принципиалдуу чечимге келди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эки өлкөнүн кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын 1-декабрда Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунан кийин билдирди.

Ташиев эки өлкөнүн делегациялары жетишкен чечимдер чек ара боюнча негизги маселени чечүүгө жакындатканын билдирди. Аны менен бирге Ташиев делегациялардын кийинки жолугушуусу Баткенде өтөрүн айтты.

Ятимовдун айтымында, эки тарап негизги эки маселе боюнча принципиалдуу чечимдерге келди.

«Баарынан мурда бул Ворух – Кожалы (Хожаи Аъло) жолуна тиешелүү. Ушул башкы маселе дээрлик чечилди деп эсептейбиз», — деди ал.

Бирок Ятимов чечим кандай болгону тууралуу ачыктап айткан жок.

«Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу экинчи маселе – Кыргызстан тарап Тажикстандын аймагында пайдаланган объекттер жана Тажкистан тарап Кыргызстандын аймагында пайдаланган объекттер боюнча принципиалдуу чечимге келдик. Бул маселени ачыктап айтсак, Кыргызстан биздин аймакта колдонгон объекттер дайыма, үзгүлтүксүз түрдө (Кыргызстан үчүн — ред.) жеткиликтүү болот, ал эми жерлер Тажикстан тарапта калат. Тажикстан Кыргызстандын аймагында пайдаланган бардык объекттерди түбөлүк Тажикстан тарап колдоно берет, жер Кыргызстан тарапта калат. Бул фактты жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу фиксациялоо жана коомчулукка жарыялоо маанилүү окуя болуп саналат. Камчыбек Кыдыршаевич айткандай, биз негизги маселени чечүүгө жакынбыз», — деди ал.

Ятимов алардын сүйлөшүүлөрү башка талаш-тартыштарды жокко чыгаруу үчүн чек араны делимитациялоо багытында бара жатканын айтты.

Ал Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу маселе Ворух – Кожалы (Хожаи Аъло) жолу сыяктуу чечилерин айтты.

Тажикстанда Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>