Site icon Reporter.kg

Ташиев жакында жогорку кызматтагы чиновниктер кармаларын айтты

Жакында жогорку кызматтагы аткаминерлердин кармалашы күтүлөт. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалга берген маегинде билдирди.

Ал казынага кол салган аткаминерлерди катаал жаза күтөрүн эскертти. Ташиев өлкөнү ири суммага алдаган кылмышкерлер болбошу керек дейт.

«Жакында элдин акчасын колунда кармап, бирок аны башка максаттарга жана натыйжасыз жумшаган каржы тармагындагы жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлерди кармап, жоопко тартабыз», — деди ал.

Буга чейин Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын айткан.

«Убакытым өтө аз калды»: Ташиев кечээки постун чечмелеп берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version