Ташиевге арыздануу үчүн УКМКга келген Султанбеков оюнан кайтты

Ташиевге арыздануу үчүн УКМКга келген Султанбеков оюнан кайтты

23-ноябрда «Социал демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, ошол эле күнү кечинде, саат 20:00дө УКМКнын кызматкери Султанбеков менен коомдук кабылдамада сүйлөшүп, шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча маалыматы бар экенин айтканы кабарланган.

Султанбековго мыйзам бузуу фактыларын көрсөтүү менен УКМКнын төрагасына кайрылууга укугу бар экендиги түшүндүрүлдү. Ага атайылап жалган жалаа үчүн жоопкерчилик да эскертилди.

Жыйынтыгында, Султанбеков расмий кайрылуудан, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча колунда болгон маалыматтын чоо-жайын айтуудан баш тартты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>