Ташкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат

1-апрелде «Centrum Air» авиакомпаниясы Ташкент – Ош багыты боюнча жаңы түз аба каттамын ишке киргизди. Алгачкы рейс менен Ош эл аралык аэропортуна 95 жүргүнчү келди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.
Рейсти Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Өзбекстандын башкы консулу Зафарбек Ахмедов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Ташкент – Ош багыты боюнча буга чейин түз авиакаттам болгон эмес. Эми учуулар жумасына эки жолу: шаршемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлөт. Учуунун узактыгы 1 саат 10 мүнөттү түзөт. Эки тарапка билеттин минималдуу баасы (жүксүз) 124 доллардан башталат. Билеттер авиакомпаниянын расмий сайтында жана сатуу каналдарында жеткиликтүү.
Бул каттам эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана жүргүнчүлөр үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган.