Site icon Reporter.kg

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кармалды

Таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милиция 21 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.  Ага каршы өз баласынын өмүрүнө кол салуу айыбы менен иш козголду.

Белгилей кетсек, бөбөк Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен 8-ноябрь түнү табылган. Ымыркай №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, баланын абалы туруктуу,  айына жетип төрөлгөн, салмагы — 2 кг 210 грамм, жынысы – эркек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version