Бишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдөТалас шаарында жаңы Сот адилеттик үйү курулатКыргызстанда жаш балдар үчүн кыргыз тилдүү «Нуркидс» платформасы иштелип чыктыИран ЕАЭБ өлкөлөрүн көз карандысыз финансы тутумун түзүүгө чакырдыБишкекте жеке турак үй өрттөндүКыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Эмнелер өзгөрдү?
Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кармалды
11.11.2023 | 10:35
Таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милиция 21 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Ага каршы өз баласынын өмүрүнө кол салуу айыбы менен иш козголду.
Белгилей кетсек, бөбөк Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен 8-ноябрь түнү табылган. Ымыркай №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, баланын абалы туруктуу, айына жетип төрөлгөн, салмагы — 2 кг 210 грамм, жынысы – эркек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом