Кышында шаардын жолдорун 38 атайын унаа тазалайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Мэриянын айтымында, быйыл тротуарлар дагы кар баскан бойдон турбай, 715 жумушчу жана 121 жүк ташуучу иш алып барат.
Жолго себүү үчүн 1,5 тонна туз, 4 миң тонна жуулган кум камдалды.
Мэрия айдоочулардан унааларды кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну жана бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпону өтүнөт.
Кыргызгидрометтин маалыматында, 9-декабрда түнкүсүн жана күндүзү көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз