Site icon Reporter.kg

Тажик тарап чек арага оор техника тартууда, — Чек ара кызматы

Саат 14:00гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ок атышуу уланып жатат, деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.

Маалыматка караганда, тажик тарап чек арага оор техника тартып жатат.

Чек ара кызматы кыргыз тарап кырдаал курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жататканын маалымдайт.

Мурдараак 3- июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп жатканы маалымдалган. 

Exit mobile version