Тажикстанда кар көчкүдөн төрт киши көз жумду

Тажикстанда кар көчкүдөн төрт киши көз жумду

Тажикстандын борбордук бөлүгү менен өлкөнүн түндүгүн байланыштырган Дүйшөмбү-Чанак унаа жолунда кар көчкү түшүп, анын астында адамдар бараткан унаа калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен унаадагы төрт адам ошол жерден каза болгон. Бирөөсү ооруканага жеткирилген.

Буга чейин 13-февралдан 15-февралга чейин Тажикстанда 27 кар көчкү түшкөн. Эң чоңу 15-февралда Хорог шаарында (Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун административдик борбору) болгон. Натыйжада 15 адам каза болгон. Төрт үй толугу менен, 35 үй жана 5 чарбалык объект жарым-жартылай талкаланган. 12 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Кооптуу аймактардан 400дөн ашуун кожолуктун жашоочулары эвакуацияланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Тажикстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>