Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 2025-жылдын 30-июнунан 1-июлуна чейин расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келет.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү пландалууда. Негизги көңүл кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлорду, ошондой эле түрдүү эл аралык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулоого бурулат.