Текебаев: Талант Мамытов спикер болсо, Жапаровдун бийлиги «комплект» болот

Текебаев: Талант Мамытов спикер болсо, Жапаровдун бийлиги «комплект» болот

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында спикерликке «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат Талант Мамытовдун талапкерлиги сунушталды.

“Талант Мамытовдун спикерликке сунушталышы Садыр Жапаровдун командасынын бекемеделип жатышыбы? деген суроого Текебаев төмөндөгүдөй жооп берди.

«Мамытов спикер болсо, Жапаровдун бийлиги толук комплект болот. Биз Садыр Жапаров сунуштаган талапкерлерди колдоп берели дегенбиз. Эми баарын колго алды, ошону менен бирге толук жоопкерчилик алардын колуна өттү», — деди Текебаев.

“Жапаровдун колуна топтолгон бийлик президенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонбойбу? деген суроого Өмүрбек Текебаев мындай деп жооп берди:

«Шайлоонун кандай өткөнүнө эл баа берет. Бирок биз дагы мыйзамдуу өтүүсүн талап кылабыз. Мыйзамсыз өткөн шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун  5-октябрда өткөн митингден жакшы билебиз.

Текебаев «Ата Мекен» партиясы президенттик шайлоого катышпай турганын да кошумчалады.

Бүгүн, Канат Исаев президенттик шайлоого катыша турганын айтып, Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти.

Анын президенттикке талапкерлигин «Кыргызстан» партиясынын саясий кеңеши сунуштаганын Исаев өзү билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>