Телефон алдамчыларга аккаунт жана банк карталарын сатып жүргөн топ кармалды. Арасында өспүрүмдөр бар

03.02.2026 | 10:03

УКМК уюлдук операторлордун аккаунттарын активдештирүү жана банк карталарын сатуу менен алектенген топ кармалганын билдирди. Алардын арасында жашы жете элек өспүрүмдөр да бар.

Атайын кызматтын маалыматында, аталган топ эл аралык телефон алдамчыларына көмөктөшүп келген. Алар WhatsApp, Telegram жана Lalafo мессенджерлеринин аккаунттарын активдештирип, банк карталары менен кошо чет элдик алдамчыларга сатышкан.

Ал эми алдамчылар сатылып алынган аккаунттар аркылуу өздөрүн УКМКнын, Улуттук банктын же башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырып, жарандарга телефон чалышкан. Алар жарандарды «террористтик уюмдарга катышы бар» деп айыптап, жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, каражаттарын алдап алышкан. Ошондой эле кылмыштуу топ УКМКнын жетекчилигинин атынан жасалма бланктарды жана кол тамгаларды колдонгон каттарды жабырлануучуларга жөнөтүп турушкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 9 жаран кармалды:

  • А.Б.Н. (2008-жылы туулган) — 14-түзөтүү колониясына 2 айга камакка алынды;
  • А.Э.К. (2006-жылы туулган) — №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды;
  • Р.Ш.К. (1999-жылы туулган, мурда алдамчылык үчүн соттолгон) — УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды;
  • Ж.К.Р. (2001-жылы туулган, мурда каракчылык, алдамчылык жана уурулук үчүн соттолгон) — УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды;
  • А.у.С. (2004-жылы туулган, мурда адам өлтүрүү жана алдамчылык үчүн соттолгон) — УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды;
  • Ж.С.А. (1996-жылы туулган) — №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Ал эми 16 жаштардагы Т.Б.Ш. жана К.И., ошондой эле 17 жаштагы А.А.А. жашы жете электигине байланыштуу ата-энесинин милдеттенмеси астында бошотулушкан. Тергөө уланууда.

Scroll to Top