Темир Сариев ЕАЭБ жарандары үчүн чек арада өзүнчө тилке ачууну сунуштады

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев “Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киргенине 10 жыл» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда өлкөнүн Биримдикке кошулуусу аң-сезимдүү жана стратегиялык кадам болгонун белгиледи. Бул тууралуу палатанын басма сөз кызматы билдирди.
«Он жыл ичинде Кыргызстан 180 миллион калкы бар бирдиктүү рынокко чыгып, ИДП көлөмү 430,5 млрд сомдон 1,6 трлн сомго чейин өстү. Тышкы соода жүгүртүүсү 16 млрд АКШ долларына жетти. Эмгек мигранттары үчүн олуттуу социалдык жеңилдиктер камсыздалды”,- деди өз сөзүндө Темир Сариев.
Темир Сариевдин айтымында, муну менен катар санитардык-ветеринардык жана техникалык чөйрөдөгү тоскоолдуктар, чек арадагы кезектер жана мигранттар үчүн административдик чектөөлөр сакталууда. Мындан улам ал ЕЭК чечимдеринин аткарылышын күчөтүү жана ЕАЭБ жарандары үчүн чек арада өзүнчө тилке ачуу сунушун киргизди.