Темир Сариев ШКУнун бинес-форумунда кызматташуунун негизги багыттарын сунуштады

Темир Сариев ШКУнун бинес-форумунда кызматташуунун негизги багыттарын сунуштады

Кытайдын борбору Бээжин шаарында өтүп жаткан ШКУнун бизнес-форумунда Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышуучу өлкөлөрдүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү боюнча стратегиялык багыттарды сунуштады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Темир Сариев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, Бедел чек ара бекетин өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык борборлорду жана электрондук соода түйүндөрүн түзүү негизги багыттардын бири экенин айткан.

Ошондой эле айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, курулуш материалдары тармактарындагы жыйноо жана кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү
локалдаштыруу пландалууда.

Ишкердик, электрондук соода, стандартташтыруу жана сертификаттоо үчүн ШКУнун жалпы санариптик мейкиндигин түзүү каралууда. Экологиялык таза продукцияны экспорттоо жана агрокластерлерди түзүү пландалууда.

Мындан тышкары чакан ГЭСтерде биргелешкен долбоорлор, ирригацияны модернизациялоо, сууну туруктуу пайдалануу негизги багыттар болуп саналат.

«ШКУ диалог аянтчасы гана эмес, келечектеги өнүгүп келе жаткан экономикалык блок. Кыргызстан ишенимдүү өнөктөш жана интеграциялык долбоорлор үчүн аймактык аянтча болууга даяр», — деп баса белгиледи Темир Сариев.

Белгилей кетсек, ШКУга төрагалык кылуу расмий түрдө Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>