Темир Сариевдин тарапташтары бүгүн да митингге чыгышты

Темир Сариевдин тарапташтары бүгүн да митингге чыгышты

Бүгүн, 25-августта экс-премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасы каралып жаткан Бишкектеги шаардык соттун имаратында анын тарапташтары экинчи күн катары менен митингге чыгышты. Саясатчыны колдоо үчүн жүздөн ашуун киши келди. Мындан тышкары, анын баш коргоо чарасын камакка алуудан үй камагына же кетпөө тууралуу тил катка өзгөртүүнү суранышты.

Эске салсак, Темир Сариев 3-августта «Кумтөр» иши боюнча УКМК тарабынан кармалган. Ал УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.

Ишти караган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, Сариев экономика министри жана ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда «Кумтөр» кенин иштетүүдөн экологияга келтирилген зыяндын көлөмүн бир нече миллиард сомго аз баалап койгон. Анын натыйжасында мамлекетке эбегейсиз зыян келтирилген. Саясатчы өзүнө коюлган айыптарга макул эмес жана аларды негизсиз деп эсептөөдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>