Темир жолдон энергияга чейин — Нурдан Орунтаев Кытайдын элчиси менен жолукту

Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы ири долбоорлор боюнча олуттуу сүйлөшүү өткөрдү.
Жолугушууда темир жолдордон тартып, энергетика жана заманбап технологияларга чейин бир катар тармактардагы кызматташуу талкууланды. Министр Орунтаев бул багытта Кытайдын тажрыйбасы өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.
«Кытай — курулуш тармагындагы локомотив. Биз да ошол темп менен өнүгүүгө аракет кылып жатабыз. Курулуш — өлкөнүн келечегин аныктаган чөйрө», — деди министр.
Элчи Лю Цзянпин да Кыргызстандын инфраструктура тармагындагы акыркы жылдардагы өсүшкө жогору баа берип, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мындан ары да кеңейерин билдирди.
Маалымат үчүн: 2025-жылдын башынан бери Кыргызстан менен Кытай ортосунда 23 инвестициялык долбоор каралып, анын 17си ишке ашып жатат. Алардын арасында темир жол куруу, кайра иштетүүчү заводдорду жаңылоо, жана жаңы энергия булактарын иштеп чыгуу долбоорлору бар.