Тигүү тармагы коркунучта: логистикалык кризис цехтердин ишин токтотууда

03.12.2025 | 17:40

Кыргызстанда көп жылдар бою өлкөнүн негизги экспорттук индустрияларынын бири болуп келген тигүү тармагы азыр ири кризиске кептелди. Орусияда эрежелердин катаалдаштырылышы жана «көмүскөдөгү» импорттун бөгөттөлүшү логистиканы кескин татаалдатып, жүздөгөн жүктөр чек арада туруп калды, миңдеген тигүү цехтери өндүрүштү токтотуу коркунучунда турат. Бизнес өкүлдөрү эгер мамлекет тарабынан ыкчам колдоо болбосо, тармак олуттуу жоготууларга учурашы мүмкүндүгүн эскертишүүдө.

Ишкерлердин айтымында, алардын товарлары Казакстан–Орусия чек арасында өтпөй турууда, ал эми өндүрүш менен жеткирүүгө миллиондогон сомдор салынган.

«Алар ыйлап жатышат. “Баары бүттү, мен банкротмун, бардык акчамды жүккө салып койгом, эми 20 миллион сом чек арада туруп калды”- деп айтышууда. Эми алар эмне кылышы керек?», — деп айтып берди бизнес өкүлдөрүнүн бири.

Экономика министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такирбаева белгилегендей, көпчүлүк ишкерлер мындай кризиске биринчи жолу туш болуп жатышат жана жүктөрдү жаңы талаптарга ылайыктап жөнөтүү тажрыйбасы жок. Ушунун айынан документтерин туура бүтүрдүм деп эсептегендердин да жүктөрү жолдон кармалып калууда.

Анын айтымында, маселе регионалдык мүнөзгө ээ болду: Кыргызстандан гана эмес, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Казакстан жана Кытайдан да барган жүктөр топтолуп жатат.

«Бул бүткүл Борбор Азия үчүн көйгөй болууда», — деп баса белгиледи ал.

Азыркы тапта толук документ топтому жок жүктөргө бажы төлөмдөрүн төлөп, андан ары жолун улантууга укук берген убактылуу тартип иштеп жатат.

Scroll to Top