Эреже бузган маршруттук каттамдын айдоочуларына айып салынды

Эреже бузган маршруттук каттамдын айдоочуларына айып салынды

Тийиштүү эрежелерди сактабаган маршруттук каттамдын айдоочуларына айып салынды. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 23-27-ноябрь күндөрү жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук каттамдарда бекитилген жумуш режими, санитардык эрежелердин сакталуусу текшерилген.    

Анын алкагында жети дубанда жалпы 2443 автобус жана микроавтобустар текшерилген.

Мунун жыйынтыгында эрежелерди бузган 41 айдоочуга 57 миң сом айып салынган.

Тэги: айып

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>