Улан Жусупов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси кызматынан бошотулдуМыйзамсыз курулушка жол беришкен. Ош шаарынын архитектура кызматкерлери кармалдыМосквада СССР республикаларынын Жеңишке кошкон салымы тууралуу даректүү жыйнактардын бет ачары өттүКыргызстанда «Дүйнөнү өзгөрткөн айым» аттуу VI эл аралык конкурсуна арыздарды кабыл алуу башталдыКытайга автоунааларды ташуу үчүн уруксат алуу жөнөкөйлөтүлдүБРИКС жаңы дан соода аянтчасын иштеп чыгууга киришти
ТИМ: чет жактагы кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу кыйын болууда
29.04.2020 | 13:54
Биздин жарандарыбызды мекенине кайтаруу маселесин чечүү кыйын болууда. Анткени көптөгөн өлкөлөр коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү максатында чек араларын жапкан жана туруктуу авиабилдирүүлөрдү токтоткон. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев бүгүн брифингде билдирди.
Ниязалиев чет өлкөлөрдө жүргөн жарандын ден соолугун тобокелчиликке салбоо үчүн турган жеринде калууга чакырып, жер-жерлерде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери иштеп жатканын белгиледи. Ошондой эле алар мекендештерге жардам көрсөтүүгө же кеп-кеӊеш берүүгө даяр экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, пандемиянын башталышынан бери чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 7 888 жаран кайткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом