ТИМ: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну кубаттайт

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгышта ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишилгендигин кубаттайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин жана башка тараптардын чыңалууну төмөндөтүүгө жана тынчтык диалогун илгерилетүүгө багытталган аракеттерин кубаттайт.
“Бардык пикир келишпестиктерди БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларынын негизинде саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүүнү ырааттуу жактап, Кыргыз Республикасы аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө үмүттөнөрүн билдирет”,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар менен Иран эки жумага ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканын билдирген. Ал АКШ менен Ирандын ортосундагы мурдагы пикир келишпестиктердин дээрлик бардык пункттары макулдашылганын, эки жумалык мөөнөт келишимди биротоло аягына чыгарууга жана жол-жоболоштурууга мүмкүндүк берерин айткан.