ТИМ кыргызстандыктарга Иран менен Израилден чыгып кетүүнү жана ал жактарга барбай турууну сунуштады

ТИМ кыргызстандыктарга Иран менен Израилден чыгып кетүүнү жана ал жактарга барбай турууну сунуштады

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы туруксуз кырдаалга байланыштуу, Кыргызстандын жарандарына Иранга жана Израилге убактылуу барбай турууну эскертти.

Ошондой эле ал жакта жүргөн жарандарга кырдаал жөнгө салынганга чейин аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү кайрадан сунуштады.

«Жакынкы Чыгышка барууну же чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына аба каттамдарына коюлган учурдагы чектөөлөрдү эске алуу жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана авиакомпаниялардын маалыматтык билдирүүлөрүнө көз салуу сунушталат»,- деп айтылат маалыматта.

ТИМ зарыл болгон учурда Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин ыкчам байланыш номерлерине кайрылууну суранды:

  1. Катардагы элчилик: +974 5066 7001;
  2. Кувейт мамлекетиндеги элчилик: +965 5170 2180;
  3. Иран Ислам Республикасындагы элчилик: +98 935 250 5226;
  4. Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилик: +971 2558 4955;
  5. Дубай шаарындагы башкы консулдук: +971 58 881 3567;
  6. Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилик: +966 58 376 99454;
  7. Түркия Республикасындагы элчилик: +90 545 689 6800.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>