Тышкы иштер министрлиги карантин мезгилинде Түркияга баруудан баш тартууга чакырат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаалды, коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп кеткенин эске алуу менен 21-апрелден 17-майга чейин карантин киргизилген.
Мындан улам, ушул мезгил аралыгында Түркияга баруудан баш тартып турууга чакырат.