Site icon Reporter.kg

ТИМ Түркияда кармалган мугалимдин үй-бүлөсү менен жолукту

Кечээ, 28-апрелде ТИМди Консулдук департаменти Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулунун үй-бүлөсү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Азамат Нурмат уулунун үй-бүлөсүнө анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат берилген. Түркиянын мыйзамдары тууралуу, тергөө жана процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча кеңири түшүндүрүлгөн.

«Ошондой эле үй-бүлөсүнө адвокат менен түз байланыш түзүү жана Азамат Нурмат уулун үй-бүлө мүчөлөрү менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн уюштуруу боюнча иштер уланууда», — деп билдирди ТИМ.

Эске салсак, “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга окуучуларын олимпиадага алып барганда Стамбул аэропортунда кармалган. 28-апрелде Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Азамат Нурмат уулу диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркияда террордук уюм деп эсептелинет) кыймылына байланыштуу кармалганын билдирген.

Exit mobile version