ТИМ Венгрияда эмгек визасы боюнча жаңы эрежелер киргизилгенин эскертти

ТИМ Венгрияда эмгек визасы боюнча жаңы эрежелер киргизилгенин эскертти

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Венгрияда чет өлкөлүк жарандар үчүн эмгек миграциясынын шарттары өзгөргөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Венгрия 1-январдан тарта бардык чет өлкөлүктөргө жумушка орноштуруу максатында улуттук узак мөөнөткө виза берүү эрежелерин өзгөрткөн. Эми мындай визалар Венгрия же Европа Биримдиги менен реадмиссия жөнүндө келишими жок өлкөлөрдүн жарандарына берилбейт.

ТИМ азыркы учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары Европа Союзунун өлкөлөрү, анын ичинде Венгрия менен реадмиссия жөнүндө келишимдерди түзүү маселесинин үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>