Бүгүн, 31-мартта, кеңейтилген республикалык кеңешмеде тойлорду өткөрүүгө чектөө чаралары талкууланып, чечим кабыл алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
«Чечим бар, аны бүгүн кечинде же эртең жарыялайбыз», — деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу чектөө киргизилери маалымдалган.
Бүгүнкү күндө илдетти жуктургандардын жалпы саны 88 миң 374гө жетти, анын 84 миң 809у сакайды.