Токмок шаардык милициянын кызматкерлери кыз ала качууга шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу бүгүн Чүй ОИИББнен билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 11-январында Жети-Өгүз РИИБга Токмоктун тургуну арыз менен кайрылып, 19 жаштагы кызын ала качып кеткен 2 жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Кыздын атасы билип калып, кызынын артынан Жети-Өгүзгө барган. Айылдардын биринен кызын алып кетип, дароо милицияга арыз менен кайрылган.
«Кыз ала качууга шектелип, 27 жаштагы Т.М. жана 20 жаштагы Д.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экөө тең Ысык-Көл облусунун тургундары», — деп жазылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрдү үй камагына чыгарылып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.