«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Токмоктогу окуя. Үй-бүлөнүн үч баласы атасынын камкордугунда – министрлик
15.09.2025 | 09:30

Ушул жылдын, 12-сентябрында Токмоктун, Ак-Бешим-2 айылында трагедиялуу окуя катталып, эне эки баласынын өлүмүнө шектүү катары кармалган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, бул үй-бүлөдө дагы үч бала бар. Учурда алар атасынын жанында болуп, тарбиялоого жана камкордукка атасынын эжеси жардам берүүдө.
Министрликтин райондук кызматкерлери тергөө органдары менен биргеликте окуя болгон жерге дароо барып, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана зарыл чараларды көрүү иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, бул үй-бүлө буга чейин оор жашоо кырдаалында турган үй-бүлөлөрдүн катарына алынган эмес.